Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С. Дүмүровдун
билдирүүсүн кароо жөнүндө.
2024-жылдын 24-Декабры №2-14
Араван районунун борбору болуп, саналган Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүндөгү бузуулардын натыйжасында бошогон муниципалдык жер аянтына райондун тургундарын суроо талаптарын аткаруу максатында аталган жерге муниципалдык ажаткана куруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылдын биринчи кварталынын аягына чейин Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүндөгү бузуулардын натыйжасында бошогон муниципалдык жер аянтына жаңыдан муниципалдык ажаткана куруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Айыл өкмөтүнө жаңыдан курулуучу муниципалдык ажаткана бардык шарттары менен жана коопсуздугу эске алып, куруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага М.И.Мамитов