Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Каррак айылынын М.Ахмаджанов көчөсүнүн жолуна узундугу 674 мт жерине асфальт төшөө жөнүндө.
2024-жылдын 27-Ноябры №1-5
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Каррак айылынын М.Ахмаджанов көчөсүнүн жолуна узундугу 674 мт жерине асфальт төшөө боюнча айыл туругу И.Исаковдун жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун билдирүүлөрүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1.С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Каррак айылынын М.Ахмаджанов көчөсүнүн жолуна узундугу 674 мт жерине асфальт төшөө үчүн керектелүүчү каражат Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттарды кароочу комиссиясынан суралсын.
2.Каррак айылынын М.Ахмаджанов көчөсүнүн жолуна узундугу 674 мт жерине асфальт төшөө үчүн даярдалуучу документтерине керектелүүчү каражат айыл өкмөтүнүн 2025жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүү жана карыжылоо жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абураимовго жүктөлсүн
Төрага М.И.Мамитов