Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 23-августу № 237
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине киргизилген “Мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында жумуш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орношууга көмөк көрсөтүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, аймактык жана ведомстволук органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринин 3-главасынын 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору көрсөтүүчү “Мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында жумуш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орношууга көмөк көрсөтүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Миграция маселери боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
– бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык “Эркин-Тоо” гезитинде жарыялоону камсыз кылсын;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
– кабыл алынган буйруктун күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
3. Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору:
– бул буйруктун 1-пунктуна ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча ишти уюштурсун;
– жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
5. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы бул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Б. Дарманкул уулуна жүктөлсүн.
Министр |
| Р.А. Сабиров |
|
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 23-августунун № 237 буйругуна 1-тиркеме |
“Мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын
алкагында жумуш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орношууга көмөк көрсөтүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы (Мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринин 3-главасынын 3-пункту) | Мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында иш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөктөшүү |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатка ылайык өз ишин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (мындан ары – ЖЧӨИОБ) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандары ошондой эле иш берүүчүлөр. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | – 2006-жылдын 13 январынын №4 Кыргыз Республикасынын “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындгы “Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” № 49 токтому; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2021-жылдын 17-декабрындагы № 319 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө жобо; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” № 159 токтому. |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Эмгек келишиминин негизинде чет өлкөдө ишке орноштуруу жана эмгек визасын ачуу (виза режими бар өлкөлөрдө) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда-сырттагы ажатканалар) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, майыптыгы бар адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Эл аралык келишимдерге ылайык ишке чыгууга чейин даярдыктарга жана убакыттык мөөнөт боюнча жеке тартиптер коюлган (документтерди кароо, тилдик жана кесиптик даярдоолор, чет тилин билүүгө тест берүү, медициналык текшерүү, визалык көмөктөшүү). Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 6 ай: – эмгект келишимге кол коюу – 15 күн; – адистер менен жеке баарлашууга 15 мүнөттү түзөт; – телефон аркылуу адистер менен жеке баарлашуу 10 мүнөттү түзөт; – документтерди алууга жана даярдоого, кезекте күтүү менен чогуу - 30 мүнөт. Мамлекеттик кызматты электрондук түрдө көрсөтүү 5 мүнөттөн 10 мүнөткө чейин түзөт. |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; -эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан (https://mlsp.gov.kg/); - ЖЧӨИОБ сайтынан (http://migrant.kg); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (http://portal.tunduk.kg); - ЖЧӨИОБ жеке кайрылуу аркылуу төмөнкү даректер боюнча: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 237 жана Ош шаары Ленин көчөсү 221. Иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума, саат 9-00дөн 18-00гө. Түшкү тыныгуу: саат 12ден 30 минутадан саат 13гө 30 минутага чейин. ЖЧӨИОБ жарандарды кабыл алуу кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет: - оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланышууда). Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат акысыз берилет. |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат: - ЖМК (гезит, радио, теле); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан (https://mlsp.gov.kg/); - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сайтынан (http://migrant.kg); - ЖЧӨИОБ тактайчалар, буклеттер жана брошюралар; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - “кызуу байланыш 1899”; - жеке жана телефон аркылуу байланыш; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (http://portal.tunduk.kg); - +996 559 189 900 WhatsApp номери; - http://migrant.kg сайтындагы чат бот; - ЖЧӨИОБ социалдык тармактардагы расмий баракчалары (Facebook, Instagram). Даректери, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен биргеликте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана ЖЧӨИОБ сайтында, тактайчаларда жайгашкан. |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | ЖЧӨИОБ кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат алуу үчүн жумуш издөөчү жеке кайрылуусунун жана анкетасын толтуруунун негизинде ишке орношот. Жумуш издөөчүнүн кайрылуусу боюнча ЖЧӨИОБдагы ыйгарым укуктуу өкүл (кеңеш берүүчү): – иш издөөчүгө ишке орношуудагы кызмат көрсөтүү жана шарттары боюнча керектүү консультацияларды берет; – иш издөөчүгө жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында бош орун маалымат банкын кароону сунуштайт. Ылайыктуу бош орунду ылгап алгандан кийин иш берүүчүгө анын кандидатурасын кароо үчүн жиберүүгө иш издөөчү анкета толтурат. Бекитилген формадагы анкета жумушсуз жарандын өз колу менен толтурулат (кабыл алган мамлекет тараптан расмий тилде) же migrant.kg сайтында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүндө электрондук формада. Иш издөөчүнүн анкетасын кароо жыйынтыгынан кийин иш берүүчү аңгемелешүүнү белгилейт (өздүк, онлайн-аңгемелешүү). Иш берүүчү менен болгон аңгемелешүүдөн өткөн учурда ыйгарым укуктуу өкүл иш берүүчү талап кылса же иш издөөчүнү тандалган бош орунга орноштуруу милдеттүү түрдө болсо тил (англис, корей, орус) билими боюнча тесттен өтүүгө жиберет. Эгерде иш издөөчү чет тилдерин билбесе, ага каалаган тил үйрөтүү борборунан билим алуу сунушталат. Иш издөөчү алып келүүсү зарыл: - толтурулган анкета (аныкталган форматта); - паспорттун электрондук сүрөтү (ID-карта, жалпы жарандык паспорт); - 4 даана сүрөт (3,5х4,5); - квалификациялуулугун тастыктаган документтер (квалификациялуу жумушчулар үчүн): диплом, сертификат, эмгек китепчеси. Иш берүүчү алып келүүсү зарыл: - персоналдарды ылгап алууга табыштама; - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк; – устав жана салык төлөөчүнүн каттоосу жөнүндө маалымат. Кызмат көрсөтүүчү кызмат көрсөтүү максатында “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз берүүчү жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте алууга укуктуу. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргызстандын жарандары ишке орношо турган өлкөлөр менен Кыргыз Республикасы түзгөн келишимдин негизинде аныкталат жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым органы менен макулдашылат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарында, сайттарында мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жайгашкан көрсөткүчтөрдүн баасы менен чагылдырылат. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: -көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдардын курагы, жынысы, улуту жана диний ишеними боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарына дал келүү: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик жайлуулуктар, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүк (басма жана электрондук формада); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайлыгы жана сылыктыгы, тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган тейлөөнүн) күтүүчүнүн керектөөлөрүнө дал келүүсү. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (http://portal.tunduk.kg) аркылуу көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат алуу үчүн жумуш издөөчүнүн электрондук анкетасын жөнөтүүгө арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын жаранынын электрондук санарип колтамгасын колдонуу менен Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу кирүүсү керек. Электрондук форматта кызмат көрсөтүү “суроо-жооп” режиминде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкүлөр керек: 1) migrant.kg сайтына өтүү; 2) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын жаранынын электрондук санарип колтамгасы аркылуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АИС системасына кирүү. 3) Каттоо жок болгон учурда, 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картаны же булуттагы электрондук кол тамганы колдонуу менен каттоодон өтүү; 4) тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү тандоо; 5) Суроо-талапты түзүү үчүн ИННдин маалыматтарын, колдонуучунун паспортунун сериясын жана номерин киргизүү жана “издөө” баскычын басуу керек; 6) киргизилген суроо-талап автоматтык түрдө иштелип чыгат, мамлекеттик кызмат көрсөтүүчүнүн маалыматтык системасына жөнөтүлөт жана маалыматтык документ түзүлөт. Онлайн интерактивдүүлүк этабы – 5 (мамлекеттик кызмат толугу менен автоматташтырылган жана жумуш издөөчүдөн анын маалыматтарын тастыктаган эч кандай документтерди көрсөтүү талап кылынбайт. Башка органдардын маалымат тутумдарынан жумуш издөөчүнүн электрондук анкетасын тапшырганда маалымат автоматтык түрдө түзүлөт); Толтурулган анкетаны басып чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда каралган: - эгерде арыз берүүчүнүн статусу ушул стандарттан 3-пунктундагы талаптарына ылайык келбесе; - соттуулугу алынбаган, издөөдө жүргөндөр; - ишке орношууга талап кылынган документтерди толук бербегендер. |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, арыз берүүчү белгиленген тартипте жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн аралыгында каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуга жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын стандарттарын кайра карап чыгуу мезгилинин аралыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек. |