Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жөнүндө.
2024-жылдын 24-Декабры №2-1
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р.Базарбаевдин отчетун угуп жана талкуулап чыгып, сессияга катышкан депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1.С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р. Базарбаевдин отчету эске алынсын.
2.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнү толуктап, чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгымдардан максаттуу пайдаланып, керексиз чыгымдарды кыскартууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Өндүрүлбөй калган салыктарды жана МФ, айыл чарба жерлеринен ижара акыларды толугу менен өндүрүп, кошумча киреше булактарын таап, бюджетти жогорулатуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р. Базарбаевге жүктөлсүн.
4.С.Юсупова айыл өкмөтүнө бекитилген жылдык жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрү пайда болгон учурда айылдык кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына кайрылуу жагы белгиленсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р.Базарбаевге жүктөлсүн
Төрага М.И.Мамитов