Редакцияот 13.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) VIII cесссиясы

 

2025-жылдын 13-октябры №1-5/47

Коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруу  боюнча “Сүлүктү Тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө

Коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруу  боюнча аткарылган иштери боюнча  “Сүлүктү Тазалык” МИнын маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34 беренесинин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

                                                                                                                  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. “Сүлүктү Тазалык” МИнын коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруу  боюнча аткарылган иштер боюнча маалыматы кабыл алынсын;
  2. “Сүлүктү Тазалык” МИнын башчысы  М.Жалиловго милдеттендирилсин:

-        Шаардын аймагындагы жана  коомдук жайлардагы тазалыкты камсыз кылуу  боюнча иш аракеттерди көрүү жана таштандыларды өз учурунда тазалоону камсыз кылуу;

-        Шаардын аймагын көрктөндүрүү жана көчөлөрдү жарыктандыруу жана шаар аймагында тазалыкты камсыз кылуу боюнча атайын иш чараларды иштеп чыгуу жана аткарууга алуу;

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин «Өнөр жай, транспорт, жол,  коммуналдык иштер, таза суу, тазалык  жана экология» боюнча  туруктуу комиссиясына жүтөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага

 

Б.А. Абдуназаров