Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-декабры № 808
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 “Мамлекеттик
мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга,
акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин
регламенттөөчү маселелер жөнүндө” токтомуна өзгөртүү
киргизүү тууралуу
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү административдик жол-жоболорду оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 “Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө жободо:
– 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Ушул Жобонун 11-пунктунда аталган мүлктү акысыз мөөнөттүү убактылуу пайдаланууга алган субъекттер төмөнкүлөргө укуксуз:
1) акысыз убактылуу пайдалануу келишими боюнча өз укуктарын башка жактарга өткөрүп берүүгө жана берилген мүлктү келишимде көрсөтүлгөндөн башка максаттарда пайдаланууга;
2) мамлекеттик мүлктү субижарага берүүгө, ушул пунктта каралган учурларды кошпогондо;
3) ижара келишими боюнча өз укуктарын башка жакка күрөөгө өткөрүп берүүгө, милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуунун башка түрлөрүнө өткөрүп берүүгө, аларды юридикалык жактардын уставдык капиталдарына салым катары киргизүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн мүлккө башка жол менен чектөөлөрдү киргизүүгө.
Мында Министрлер Кабинети аныктаган мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик мүлк, атап айтканда кыймылсыз мүлк жана мүлктүк комплекстер акысыз мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер мүлктү акысыз же акы төлөнүүчү мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүүгө укуктуу.
Акысыз же акы төлөнүүчү мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген бул мамлекеттик мүлктү ушул Жободо жана же акысыз убактылуу пайдалануу келишиминде каралган максаттарды, шарттарды жана чектөөлөрдү бузуу менен пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акысыз же акы төлөнүүчү убактылуу пайдалануу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга алып келет.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 16-декабрындагы № 99 (3756) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |