Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 15-декабры ПЖ № 364
Жер мунапысынын объектилерине жарандардын
менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча
иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 240 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Жер ресурстарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан келип чыгуучу жер-укуктук мамилелерди убактылуу укуктук жөнгө салуу бир жылдык мөөнөткө киргизилсин.
2. 2026-жылдын 15-декабрына чейин “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктунун “б”, “в” жана “г” пунктчаларында каралган жер мунапысынын объектилерине карата жер мунапысын жүргүзүү боюнча шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жер мунапысы боюнча комиссияларынын иши токтотулуп турсун.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 240 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) жер мунапысынын объектилери болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого (мындан ары – Жобо) ылайык 2025-жылдын 1-июлуна чейин кошо алганда берилген жарандардын арыздары боюнча аларда жайгашкан, анын ичинде бүтпөй калган жеке турак үйлөрү менен 2021-жылдын 1-декабрына чейин түзүлгөн башаламан курулуштар бар участоктордун тобунун курамына кирген жер участоктору саналат деп;
2) 2021-жылдын 1-декабрына чейин түзүлгөн башаламан курулуштар бар участоктордун тобунун курамына кирген, кандайдыр бир курулмалары жок (бош жана курулбаган) жер участокторун легалдаштыруу маселелери Кыргыз Республикасынын Президентинин өзүнчө чечими менен түзүлүүчү мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде каралат деп.
4. Жер мунапысынын объектилерине 2021-жылдын 1-декабрынан кийин өзүм билемдик менен курулган же бүтпөй калган жеке турак үйлөрү бар жана ушул Жарлыктын 3-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн участоктордун тобунун курамына кирбеген жер участоктору кирбейт деп белгиленсин.
5. Мамлекеттик комиссия кызыкдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте ушул Жарлыктын 2-пунктунда, 3-пунктунун 2-пунктчасында жана 4-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун кийин ордуна айыл чарба багытындагы жер участокторун же болбосо “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун фондунан турак жайды үлүштүк кызматташтыктын шарттарында берүү менен мамлекеттин менчигине алып коюу жөнүндө маселени карасын жана чечсин.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары белгиленген тартипте 2026-жылдын 15-декабрына чейинки мөөнөттө кылмыш-жаза, жарандык, администрациялык сот өндүрүшүндө талаш-тартыштын предмети болуп саналган, ошондой эле аткаруу өндүрүшүнүн алкагындагы жер участокторуна карата арыздарды кошпогондо, жер мунапысы боюнча комиссиялар тарабынан Жободо белгиленген мөөнөттө келип түшкөн жарандардын арыздарын кароо боюнча иштерди аяктоону камсыз кылсын.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 240 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Жарлыкта каралган чараларды ишке ашырууда жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын талаптагыдай көзөмөлдөөнү камсыз кылсын.
9. Бул Жарлыктын 1–6-пункттарын белгиленген тартипте аткаруу үчүн жоопкерчилик ишинин чөйрөсүнө жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу маселеси кирген тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, шаарлардын мэрлерине жүктөлсүн.
10. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
11. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 19-декабрындагы № 100 (3757) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |