Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-февралы №1
Ноокат шаарынын мэриясы мекемесине жана Ноокат шаардык кеңешинин 025-жылга бюджетинин эсебинен акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаарынын мэриясы мекемесине жана Ноокат шаардык кеңешинин 2025-жылга бюджетинин эсебинен акча каражатын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү боюнча Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясында талкуулап, карап чыгып Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1. Ноокат шаарынын мэриясы мекемесинин жана Ноокат шаардык кеңешинин 2025-жылга бюджеттин киреше бөлүгү 91088000 сомго бекитилсин.
2.Ноокат шаарынын мэриясы мекемесинин жана Ноокат шаардык кеңешинин 2025-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү 91088000 сомго бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Эгембердиев |