Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-февралы №3
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментине 2025-жыл үчүн каралуучу акча каражатын бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2025-жылга бюджеттин эсебинен каралуучу акча каражатын бекитүү боюнча Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуукомиссиясында талкуулап, карап чыгып Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы Муниципиалдык Менчик Департаментине 2025-жылга бюджеттин эсебинен , жалпысы болуп 30083700 ( Отуз миллон сексен үч миң жети жүз) сом акча каражаты бекитилсин.
2.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2025-жылга мекеме, уюмдар менен болгон бересеси боюнча 1 695 738 ( Бир миллон алты жүз токсон беш миң жети жүз отуз сегиз) сом акча каражаты бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Эгембердиев |