Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-февралы №4
Ноокат шаар мэриясы мекемесинин алдындагы “ Ноокат Тазалык” МИна 2025-жылга бюджетин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясы мекемесинин алдындагы “Ноокат Тазалык” МИнын 2025-жыл үчүн каралуучу акча каражатын бекитүү боюнча Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясында талкуулап, карап чыгып Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаарынын мэриясы мекемесинин алдындагы “Ноокат Тазалык” Муниципиалдык ишканасына 2025-жыл үчүн Ноокат шаарынын 2025-жылдын бюджетинин эсебинен 706-бөлүмүнүн 2512-беренесине (Субсидия) 10 278 900 (Он миллион эки жүз жетимиш сегиз миң тогуз жүз) сом акча каражаты бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуукомиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Эгембердиев |