Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-февралы №5
Ноокат шаар мэриясы мекемесинин алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” МИ 2025-жылга бюджетин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясы мекемесинин алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” МИнын 2025-жыл үчүн каралуучу акча каражатын бекитүү боюнча Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясында талкуулап, карап чыгып Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1. Ноокат шаарынын мэриясы мекемесинин алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” Муниципалдык ишканасына Ноокат шаарынын 2025-жыл үчүн бюджетинин эсебинен 2224-беренесинен көмүрүнө 5 700 000 (Беш миллион жети жүз миң) сом, 2512-беренеси Субсидияга 1 980 900 (бир миллион тогуз жүз сексен миң тогуз жүз ) сом жалпысы болуп 7 680 900 (жети миллион алты жүз сексен миң тогуз жүз ) сом акча каражаты бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Эгембердиев |