Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-февралы №6
Ноокат шаардык мэриясы мекемесине 2025-жылдын 1-январына карата калган калдыктардын эсебинен акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясы меккемесинин 2025-жылдын 1-январына карата калган калдыктардын эсебинен калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаардык мэриясы мекемесинин 2025-жылдын 1-январына карата калган калдыктардын эсебинен калган 5 730 206 (Беш миллион жети жүз отуз миң эки жүз алты ) сом акча каражаты бөлүштүрүлсүн.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Эгембердиев |