Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-февралы №7
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасынын «Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгууга тарифтерди” бекитүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын жана “Ноокат тазалык” муниципалдык ишканасынын «Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө» сунушун угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2 пунктунун 11 бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаарында «Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгууга тарифтери бекитилсин.
2.Ноокат шаарынын атайын таштанды төгүүчү полигонунда өзүнүн жеке менчик транспорттук каражаттары менен таштанды алып барып төгүүчү жактар үчүн тарифтик баалары бекитилсин.
3.Ушул токтом менен бекитилген тариф боюнча Ноокат шаарынын аймагындагы менчигинин түрүнө карабай бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн каттуу турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн келишимдерди түзүүсү эскертилсин.
4.“Ноокат-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Эгемберди уулуна бекитилген тариф боюнча келишимдерди түзүү жана ал боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Эгембердиев |