Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-февралы №8
Ноокат шаар мэриясы аймагында тамарка салыгынын зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексинин 74-75-76-беренесинин жана тийиштүү укуктук-ченемдик актыларынын негизинде Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы юридикалык, жеке ишкердик, жеке ишкердик жүргүзгөн тараптар жана кожолуктардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндөгү сунушун карап чыгып жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы ишкердик жүргүзгөн тараптарга 1м квадрат аянтына 10 сом өлчөмүндө жыйымдын ставкасы бекитилсин.
2.Ноокат шаарынын аймагындагы калктуу конуштардагы тамарка жерлерин жана айыл-чарба багытындагы эмес жерлердин салыктарын эсептөөдө зоналдык коэфициент 1,2ге бекитилсин.
3.Ноокат шаарынын аймагындагы жеке жактардан алынуучу таштанды жыйымы ар бир жан башына 50 (элүү) сом өлчөмүндө (Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексине ылайык) бекитилсин.
4.Таштанды жыйымын жыйноону 2025-жылдын 1-апрелине чейин аяктоо Ноокат шаар мэриясына тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика,финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Эгембердиев |