Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-декабры № 784
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, реставрациялоо жана консервациялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекеменин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун 18-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо институту" мекемесинин, 18-тиркемеге ылайык;";
2) жогоруда аталган токтомдун 18-тиркемесинде:
аталышында ", спорт" деген сөздөр алып салынсын;
– 1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1 | Директор | Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык илимдер (анын ичинде тарых жана археология, маданият таануу), педагогикалык билими, экономика жана башкаруу, техникалык илимдер (архитектура жана курулуш), маданият жана искусство, бул чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы же маданият жана искусство чөйрөсүндө жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Окумуштуулук даражасынын болушу артыкчылык болуп саналат |
2 | Директордун илим боюнча орун басары | Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: реставрация жана реконструкциялоо, архитектура жана курулуш, гуманитардык илимдер (анын ичинде тарых жана археология, маданият таануу), адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы. Окумуштуулук даражасынын болушу артыкчылык болуп саналат |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 9-декабрындагы № 97 (3754) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |