Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-февралы №10
Ноокат шаарынын мэриясы мекемесиии алдындагы Муниципиалдык менчик департаментинин типтүү түзүмү жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Ноокат шаарынын мэриясы мекемесиии алдындагы Муниципиалдык менчик департаментинин типтүү түзүмү жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаарынын мэриясы мекемесиии алдындагы Муниципиалдык менчик департаментинин типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Эгембердиев |