Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-февралы №11
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Тазалык” муниципиалдык ишканасына Ош облустук фондуна атайын техника (мусоровоз) сатып алууга өздүк салымга акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
Ноокат шаарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгарууну жакшыртуу үчүн Ош облустук фондуна атайын техника (мусоровоз) сатып алууга өздүк салымга акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө маселеси Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1. “Ноокат Тазалык” муниципиалдык ишканасына Атайын техника (мусоровоз) Ош облустук региондорду өнүктүрүү фондуна сунуш болгондугуна байлануштуу, үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен өздүк салымга 3 000 000 ( үч миллон) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Эгембердиев |