Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 23
Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз
ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү жамааттын алдында отчет
берүүсүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы №01-25/267 буйругу менен бекитилген Айылдык аймагынын, шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн Типтүү Регламентинин негизинде, айылдык Кеңештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-январындагы корутундусун угуп чыгып жана Миң-Булак айыл аймагынын туруктуу комисиясынын төрагасы Б.К.Саркуловдун маалыматын талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |