Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-февралы №12
Ноокат шаарынын аймагында турак жай имараттары үчүн салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-беренесинин жана тийиштүү укуктук-ченемдик актыларынын негизинде Ноокат шаарынын аймагында турак жай имараттары үчүн салыктын ставкасын бекитүү жөнүндөгү сунушун карап чыгып жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы турак жай имараттары мүлк салыгын эсептөө үчүн ставкасы Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынан сунушталган орточо ставкага негиз, 1м2 аянтка 12,66 сом бекитилсин.
2.Ушул токтом Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Эгембердиев |