Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-февралы №13
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат -Жылуулук камсыздоо” ишканасы тарабынан Ноокат райондук мамлекетик администрациясынын өнүктүрүү фондуна тапшырылган долбоорго өздүк салымга акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат -Жылуулук камсыздоо” ишканасы тарабынан Ноокат райондук мамлекетик администрациясынын өнүктүрүү фондуна тапшырылган долбоорго өздүк салымга акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндгү маселеси Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынын өнүктүрүү фондуна сунуш болгондугуна байлануштуу, акча каражатынын эсебинен өздүк салымга 2512-беренесинен Субсидияга 1 000 000 (бир миллон) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Эгембердиев |