Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-марты №1
Ноокат шаардык аймагындагы билим берүү мекемелерин кайтаруу боюнча күзөт бөлүмчөсү менен келишим түзүү үчүн 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаардык аймагындагы билим берүү мекемелерин кайтаруу боюнча күзөт бөлүмчөсү менен келишим түзүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаардык аймагындагы билим берүү мекемелерин кайтаруу боюнча күзөт бөлүмчөсү менен келишим түзүү үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 735 000 (жети жүз отуз беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | М.Эгембердиев |