Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-марты №2
Ноокат шаар аймагында видео камералар орнотуу кызматы үчүн 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар аймагында видео камералар орнотуу кызматы үчүн 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы “Акылдуу шаар”, “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу маселелери жөнүндөгү №116 сандуу токтомунун талаптарын аткарууга алуу максатында шаар аймагында видео камералар орнотуу кызматы үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы,соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Эгембердиев |