Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-марты №3
Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу үчүн 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу үчүн Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 685 000 (алты жүз сексен беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсы.
Төрага |
М.Эгембердиев |