Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-марты №5
Ноокат шаарынын аймагындагы У. Салиева атындагы балдар бакчасына видео -көзөмөл орнотуу үчүн 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы У.Салиева атындагы балдар бакчасына видео-көзөмөл орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтому кылат:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы У.Салиева атындагы балдар бакчасына видео-көзөмөл орнотуу үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 55 900 (элүү беш миң тогуз жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсы
Төрага |
М.Эгембердиев |