Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-марты №8
С.Алимбаев көчөсүндөгү №42 көп кабаттуу үйлөрдүн алдына септик куруу үчүн 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
С.Алимбаев көчөсү №42 көп кабаттуу үйлөрдүн алдына септик куруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.С.Алимбаев көчөсү №42 көп кабаттуу үйлөрдүн алдына септик куруу үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
М.Эгембердиев |