Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-марты №12
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Союзуна мүчөлүк акысы үчүн 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Союзуна мүчөлүк акысы үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу (ЖӨБ Союзу) органдары менен тыгыз кызматташууну улантуу жана ЖӨБ Союзунун Уставына ылайык ар бир жашоочуга 5 сомдон 2025-жылга мүчөлүк акы төлөмүн төлөө үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 77 000 (жетимиш жети миң ) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсы
Төрага |
М.Эгембердиев |