Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-марты №13
Ноокат шаарынын жазгы жашылдандыруу жана көртөндүрүү иштерине “Ноокат Тазалык” МИге үчүн 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын жазгы жашылдандыруу жана көртөндүрүү иштерине “Ноокат Тазалык” МИге үчүн 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1 Ноокат шаарынын жазгы жашылдандыруу жана көртөндүрүү иштерине 2022-жылы Президент С.Н.Жапаровдун демилгеси менен башталган Улуттук “Жашы Мурас” компаниясынын алкагында жашылдандыруу иштерине “Ноокат Тазалык” муниципиалдык ишканасына үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 200 000(эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |