Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-марты №14
Ноокат шаарынын аймагындагы социалдык обьектилерди мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүү үчүн акча каражатынын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы социалдык обьектилерди мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Камсыздардыруу рыногун өнүктүрүү жөнүндөгү №79 Жарлыгын аткарууга алуу максатында, Ноокат шаарынын аймагындагы социалдык обьектилерди мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүү үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |