Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-марты №17
Ноокат шаар мэртиясынын алдындагы Муниципиалдык менчик департаментине оңдоп-түзөө, шагал төктүрүү 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэртиясынын алдындагы Муниципиалдык менчик департаментине оңдоп-түзөө, шагал төктүрүү үчүн 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаар мэртиясынын алдындагы Муниципиалдык менчик ишканасына оңдоп-түзөө, шагал төктүрүү үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |