Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 2-апрели №1
Ноокат шаарында коопсуздук чараларын күчөтүү максатында “Бирдиктүү байкоо борборун ачуу” үчүн жергиликтүү бюджеттен 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-сентябрьындагы “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компенетин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө” ПЖ № 265 Жарлыгынын алкагында Ноокат шаарында коопсуздук чараларын күчотүү максатында “Бирдиктүү байкоо борборун ачуу” үчүн Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаарында коопсуздук чараларын күчөтүү максатында “Бирдиктүү байкоо борборун ачуу” үчүн 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 1 000 000 (бир миллион ) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсы
Төрага |
М.Эгембердиев |