Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 2-апрели №3
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” муниципиалдык ишканасына жана Ноокат шаар аймагындагы Н.Крупская атындагы орто мектебине 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” муниципиалдык ишканасына жана Ноокат шаар аймагындагы Н.Крупская атындагы орто мектебине үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” муниципиалдык ишканасына 85 460 (сексен беш миң төрт жүз алтымыш миң) сом утурумдук оңдоп түзөө иштери үчүн
2.Ноокат шаар аймагындагы Н.Крупская атындагы орто мектебине 42т. көмүргө 120 540 (бир жүз жыйырма миң беш жүз кырк) сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
М.Эгембердиев |