Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-декабры № 798
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 “Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине жүктөлгөн мектепке чейинки билим берүү, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, кошумча билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды натыйжалуу аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүктөлгөн милдеттерди оперативдүү жана үзгүлтүксүз аткарууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин борбордук аппаратында нөөмөттүк автотранспорттун 4 бирдигине уруксат берилет.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |