Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 2-апрели №4
“Ноокат шаарынын ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик төлөмдөрдү төлөө үчүн кредиттик келишимдин тиркемесинде көрсөтүлгөн графикке ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөө
“Ноокат шаарынын ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлиги менен Ноокат шаар мэриясынын ортосундагы 2022-жылдын 11-апрелиндеги №19-04-01/48 субкредиттик келишимдин негизинде кредиттик төлөмдөрдү төлөө үчүн келишимдин тиркемесинде көрсөтүлгөн графикке ылайык жергиликтүү эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.“Ноокат шаарынын ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлиги менен Ноокат шаар мэриясынын ортосундагы 2022 жылдын 11 апрелиндеги №19-04-01/48 субкредиттик келишимдин негизинде кредиттик төлөмдөрдү төлөө үчүн келишимдин тиркемесинде көрсөтүлгөн графикке ылайык жергиликтүү эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жагы 2026-жылдын бюджетинин долбооруна киргизилип, 2026-жылдан баштап төлөө жагы кепилденсин.
2.“Ноокат шаарынын ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик төлөмдөрдүн биринчи графигин 2026-жылдын ноябрь айына жылдыруу боюнча Ноокат шаар мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигине сунуштар берилип, иш алып барылсын.
3.“Ноокат Суу-канал” муниципалдык ишканасы тарабынан кредиттик каражаттарды толук өздөштүрүп, абоненттерди кошуу, тарифтерди көтөрүү, кредитти төлөө мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча жана Муниципиалдык менчик , өнөр жай, курулуш экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |