Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 25
Мин-Булак айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык
өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-39 беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 88-беренесине, Кеңештин бюджет, каржы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-январындагы корутундусун угуп чыгып жана бюджет, каржы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Т.Иманалиеванын «Мин-Булак айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө маалыматын талкуулап чыгып Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мин-Булак айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбеков Программага киргизилген иш-чаралардын аткарылышын камсыздасын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин бюджет, каржы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |