Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 27
«Таза Булак» муниципалдык ишканасынын
2024-жылдын 7 айда аткарылган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын ылайык, Кеңештин жеке турак жай куруу, муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлк обүектилерин, жер участокторун сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 10-январындагы корутундусунун, өнөр жай, транспорт маселелери, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, суу ресурстары жана тартип сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-январындагы корутундусун угуп чыгып, «Таза Булак» муниципалдык ишканасынын директорунун 2024-жылдын 7 айда аткарган иштери боюнча маалыматын талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Таза Булак» муниципалдык ишканасынын директорунун муниципалдык ишканасы менен 2024-жылдын 7 айда аткарган иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2. «Таза Булак» муниципалдык ишканасынын директору Р.М.Шамуза:
- Таштандыларды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча абоненттердин санын көбөйтсүн, катуу тиричилик калдыктарын абоненттерден чыгаруу иштерин өз убагында жүргүзсүн.
- Муниципалдык ишкананын жумушчуларына эмгек акы карыздарды төлөп берүү боюнча катуу чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин бюджет, каржы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |