Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-декабры № 170
№ 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.
№ 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 120 шайлоо участогу түзүлгөн.
Округдагы шайлоочулардын тизмесине 157463 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгө 61465 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 39,03% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 53861 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 34,21% түздү.
7604 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,83% түздү.
№ 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 25 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 24 талапкер катышты.
№ 27 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Алымбеков Искендер Кенешбекович - 3205 добуш (5,27%);
2. Дубанбаева Анар Сартбаевна - 203 добуш (0,33%);
3. Намазова Бурул Тилековна - 926 добуш (1,52%);
4. Качкынов Самат Турганбекович - 1232 добуш (2,03%);
5. Султанов Каныбек Султанович - 4510 добуш (7,42%);
6. Муратбеков Табылды Муратбекович - 5992 добуш (9,86%);
7. Шабданбаев Канат Кенешович - 2905 добуш (4,78%);
8. Сураналиев Талгат Чыныбекович - 1321 добуш (2,17%);
9. Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич - 13445 добуш (22,13%);
10. Асамудинов Бактыбек Асанович - 270 добуш (0,44%);
11. Атаев Акжол Сабырбекович - 1247 добуш (2,05%);
12. Таалайбеков Тагир Таалайбекович - 1180 добуш (1,94%);
13. Исаматова Айзат Тыныбековна - 1757 добуш (2,89%);
14. Джаилов Таалайбек Карыпович - 2285 добуш (3,76%);
15. Молдобекова Гулкан Сакиновна - 5156 добуш (8,48%);
16. Джумабекова Акылсайра Кадыралиевна - 1004 добуш (1,65%);
17. Асанкулова Алтынай Джолучуевна - 3000 добуш (4,94%);
18. Озбекова Женишгул Авазовна - 1926 добуш (3,17%);
19. Мерканов Адилет Асанович - 668 добуш (1,10%);
20. Супатаева Альфира Илиясовна - 1319 добуш (2,17%);
21. Деркимбаева Асель Урусовна - 1837 добуш (3,02%);
22. Абдыкалыкова Гүлбара Кадырбековна - 648 добуш (1,07%);
23. Асакеев Ринат Сапарбекович - 1161 добуш (1,91%);
24. Алымбаева Эльнура Сталиковна - 2288 добуш (3,77%);
25. "Баарына каршы" - 1281 добуш (2,11%).
№ 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко арыз (даттануу) келип түшкөн жок.
№ 27 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:
- Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич;
- Муратбеков Табылды Муратбекович;
- Молдобекова Гулкан Сакиновна.
4. Ушул токтом "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Шайназаров |