Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин II-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 30
Миң-Булак айыл аймагынын Александровка айылындагы № 833, 834. 838, 839
контурларындагы 5,0 га жерди “Айыл чарба багытындагы жерлери”
категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын,
коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын
“курулуш астында” жер түрүнө которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Москва райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 8-январындагы №01-32/29 катын карап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Александровка айылындагы №833, 834, 838, 839 контурларындагы 5,0 га жерди “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын “курулуш астында” жер түрүнө которуу (трансформациялоо) боюнча материалдарын карап чыгып, Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары У.Ш.Садалиевтин маалыматын, а/Кеңештин 2025-жылдын 16-январындагы агрардык жер маселелери, сугат суусу, жайыт жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагынын Александровка айылындагы №833, 834, 838, 839 контурларындагы 5,0 га жерди “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынын “жайыттар” жер түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын “курулуш астында” жер түрүнө логистикалык борбор куруу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Берилген жер участокту жеке же юридикалык жак колдонбой же максаттык багыты боюнча колдонбой койгон учурда жер участокту баштапкы абалына келтирсин.
3. Миң-Булак айыл өкмөтү ушул токтомду Москва райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |