Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-декабры № 171
№ 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.
№ 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 92 шайлоо участогу түзүлгөн.
Округдагы шайлоочулардын тизмесине 144594 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгө 59172 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 40,94% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 52797 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 36,53% түздү.
6375 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,41% түздү.
№ 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 14 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 14 талапкер катышты.
№ 2 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Ахматова Сюита Камалидиновна - 3484 добуш (5,96%);
2. Ганыев Каныбек Токтоматович - 4299 добуш (7,35%);
3. Садыков Абдисатар Сайталыевич - 4547 добуш (7,78%);
4. Аманова Бурун Кушбековна - 5078 добуш (8,69%);
5. Калпаев Бактыяр Алиевич - 6981 добуш (11,94%);
6. Султанбекова Чолпон Аалыевна - 3052 добуш (5,22%);
7. Абдипатта уулу Жумабек - 3770 добуш (6,45%);
8. Абдуллаева Райхан - 334 добуш (0,57%);
9. Сайдимаров Чындыкбек Сейдакматович - 1245 добуш (2,13%);
10. Атажанов Ырысбек Ысламович - 13794 добуш (23,59%);
11. Аскарова Элмира Исраиловна - 1202 добуш (2,06%);
12. Төлөмүшов Бегали Пирмаматович - 4391 добуш (7,51%);
13. Абсаттаров Азамат Асаттулаевич - 2302 добуш (3,94%);
14. Надирбеков Айтбай Эргешович - 3466 добуш (5,93%);
15. "Баарына каршы" - 520 добуш (0,89%).
№ 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 19 арыз (даттануу) келип түштү.
Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/).
№ 2 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:
- Атажанов Ырысбек Ысламович;
- Калпаев Бактыяр Алиевич;
- Аманова Бурун Кушбековна.
4. Ушул токтом "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Шайназаров |