Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-декабры № 773
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн киргизүү маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарын башкарууга укук берүүчү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн жаңы үлгүсүн киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринин 33-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн сыпаттамасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн үлгүсү 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
– Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн берүү бул айдоочулук күбөлүктүн бланктары аяктаганга чейин жүргүзүлөт деп;
– Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн бланктары аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгү берилет деп.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор:
– Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн Кыргыз Республикасында алдыдагы ишке киргизүү жөнүндө чет мамлекеттерге маалымдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн керектүү сандагы үлгүсүн берсин;
– бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн персонификациялоого ыйгарым укук берилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн Кыргыз Республикасында алдыдагы ишке киргизүү жөнүндө чет мамлекеттерге маалымдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 96 (3753) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн сыпаттамасы
1. Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн бланкы (мындан ары - айдоочулук күбөлүк) бурчтары тегеректелген тик бурчтуу формада, узундугу 85,60 мм жана туурасы 53,98 мм, ошондой эле калыңдыгы 0,76 мм өлчөмүндө (ISO 7810 стандартына ылайык ID-1 форматындагы өлчөм) поликарбонат материалынан жасалган, алдынкы жана арткы бети бар.
2. Киргизилип жаткан маалыматтар төмөнкүдөй басылып чыгат:
- айдоочулук күбөлүктүн аталышы - кыргыз, орус, англис жана француз тилдеринде;
- айдоочулук күбөлүктүн ээсинин фамилиясы жана аты - кыргыз жана англис тилдеринде;
- айдоочулук күбөлүктүн ээсинин туулган күнү, жеке номери, берилген күнү, айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү жана айдоочулук күбөлүктү берген органдын коду - араб цифраларын пайдалануу менен;
- айдоочулук күбөлүктүн номери - латын алфавитинин тамгаларын жана араб цифраларын пайдалануу менен;
- айдоочулук күбөлүктүн ээсинин туулган жана жашаган жери - кыргыз жана англис тилдеринде;
- транспорт каражатынын категориясы жөнүндө маалымат - латын алфавитинин тамгаларын жана араб цифраларын пайдалануу менен;
- категориянын берилген күнү жана анын колдонуу мөөнөтү - араб цифраларын пайдалануу менен;
- көз айнек тагынуу тууралуу маалымат - кыргыз жана англис тилдеринде;
- өзгөчө белгилери жөнүндө маалымат - кыргыз жана англис тилдеринде.
3. Алдынкы бетинин сыпаттамасы.
Айдоочулук күбөлүк мала жашыл-саргыч түстө, кыргыз боз үйүнүн түндүгү түрүндөгү коргоо элементтери жана коргоочу башка элементтери көрүнүп турат.
Айдоочулук күбөлүктүн жогорку сол жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү бар, анын оң жагында: "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ/АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК", "КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА/ВОДИТЕЛЬСКОЕ УДОСТОВЕРЕНИЕ", "THE KYRGYZ REPUBLIC/DRIVING LICENCE", "REPUBLIQUE KIRGHIZE/PERMIS DE CONDUIRE" деген жазуулар жайгашкан.
Төмөн жагынын сол тарабында айдоочулук күбөлүктүн ээсинин бетинин ак-кара сүрөтү жайгашкан.
Айдоочулук күбөлүктүн ээсинин бетинин ак-кара сүрөтүнүн оң жагында төмөнкүдөй маалыматтар жайгашкан:
- айдоочулук күбөлүктүн номери;
- айдоочулук күбөлүк берилген күн;
- айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү;
- айдоочулук күбөлүктү берген органдын коду;
- айдоочулук күбөлүктүн ээсинин туулган жери;
- айдоочулук күбөлүктүн ээсинин жашаган жери;
- транспорт каражатынын категориялары;
- көз айнек тагынуу.
Айдоочулук күбөлүктүн ээсинин бетинин ак-кара сүрөтүнүн астында төмөнкүдөй маалыматтар жайгашкан:
- айдоочулук күбөлүктүн ээсинин өз кол тамгасынын графикалык сүрөттөлүшү;
- айдоочулук күбөлүктүн ээсинин фамилиясы;
- айдоочулук күбөлүктүн ээсинин аты;
- айдоочулук күбөлүктүн ээсинин туулган күнү;
- айдоочулук күбөлүктүн ээсинин идентификациялык жеке номери.
4. Арткы бетинин сыпаттамасы.
Сол тарабында латын алфавитинин тамгалары жана араб цифралары менен белгиленүүчү транспорт каражаттарынын категориялары, ошондой эле араб цифраларын пайдалануу менен көрсөтүлүүчү категорияны берүү күнү жана колдонуу мөөнөтү жайгаштырылат.
Төмөндө айдоочулук күбөлүктүн алдынкы бетинде көрсөтүлгөн маалыматтардын кыргыз, орус, англис жана француз тилдеринде түшүндүрмөсү берилет:
1) сүрөтү;
2) кол тамгасы;
3) фамилиясы;
4) аты;
5) туулган күнү;
6) жеке номери;
7) күбөлүктүн номери;
7а) берилген күнү;
7b) колдонуу мөөнөтү;
7с) берген орган;
8) туулган жери;
9) жашаган жери;
10) категориясы;
11) көз айнек тагынуу;
12) категориянын берилген күнү;
13) категорияны колдонуу мөөнөтү;
14) өзгөчө белгилери.
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн үлгүсү