Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 18-декабры ПЖ № 366
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 343 “Акылман”
президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Каржылоо механизмин өркүндөтүү жана каржылоо булактарын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 343 “Акылман” президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) “Акылман” лицейин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт;”;
2) 3-пункттун биринчи абзацы “Кыргыз Республикасынын Конституциясы” деген сөздөрдөн кийин “, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 19-декабрындагы № 100 (3757) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |