Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-декабры № 173
№ 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.
№ 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 106 шайлоо участогу түзүлгөн.
Округдагы шайлоочулардын тизмесине 136685 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгө 63137 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 46,19% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 52275 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 38,24% түздү.
10862 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 7,95% түздү.
№ 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 16 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 16 талапкер катышты.
№ 10 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Кадырбек кызы Нуркыз - 3202 добуш (5,12%);
2. Эсенбай уулу Талантбек - 2976 добуш (4,76%);
3. Шалтакова Гулбу Чаловна - 789 добуш (1,26%);
4. Ормонов Улугбек Зулпукарович - 6735 (10,78%);
5. Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич - 7637 добуш (12,22%);
6. Касымова Нурзида Абабакировна - 403 добуш (0,64%);
7. Аттокуров Азрет Али Акылбекович - 4288 добуш (6,86%);
8. Дыйканбаев Болотбек Жусупович - 4911 добуш (7,86%);
9. Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна - 1582 добуш (2,53%);
10. Саматов Жыргалбек Алимбаевич - 1188 добуш (1,90%);
11. Кыдыршаев Дамирбек Эрмекбаевич - 1093 добуш (1,75%);
12. Зулушев Курманкул Токторалыевич - 14688 добуш (23,50%);
13. Карашев Аалы Азимович - 3663 добуш (5,86%);
14. Бакиров Артур Жылдызбекович - 628 добуш (1,00%);
15. Баатырова Гүлнара Маришовна - 3506 добуш (5,61%);
16. Эркебаев Шүкүрбек Мамазакирович - 4930 добуш (7,89%);
17. "Баарына каршы" добуш берген шайлоочулар - 284 добуш (0,45%).
№ 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 13 арыз жана (даттануу) келип түштү.
Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/).
№ 10 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылсын:
- Зулушев Курманкул Токторалыевич;
- Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич;
- Баатырова Гүлнара Маришовна.
4. Ушул токтом "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Шайназаров |