Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 792 токтомуна) |
Мамлекеттик колдоо чараларын алууга талапкер Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарына карата талаптар
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекеттик колдоо чараларын алууга талапкер Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарына карата талаптар (мындан ары - Талаптар) "Технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Технопарктар жөнүндө мыйзам) 4-беренесине ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик колдоо чараларын алуу үчүн технологиялык парктарга (мындан ары - технопарктар) карата талаптардын тизмегин белгилейт.
2. Ушул Талаптар төмөнкүлөр тарабынан колдонулат:
1) мамлекеттик колдоо чараларын алуу үчүн зарыл болгон талаптарга технопарктардын шайкештигин ырастоо үчүн технопарктарды башкаруучу компаниялар;
2) мамлекеттик колдоо чараларын алууга талапкер болууну пландаган технопарктар;
3) технопарктарга мамлекеттик колдоо чараларын берүүчү билим берүү, илим жана илимий-техникалык иш, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын мамлекеттик контролдоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укуктарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган);
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия.
3. Ушул Талаптарда Кыргыз Республикасынын "Технологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамда белгиленген терминдер колдонулат.
4. "Технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мамлекеттик колдоо чаралары Кыргыз Республикасынын технопарктарынын мамлекеттик реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын технопарктарына берилет.
2. Технопарктарга карата талаптар
5. Мамлекеттик колдоо чараларын алууга талапкер технопарк төмөнкү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1) технопарктын аймагында инновациялык продуктуну же кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуу боюнча долбоордун болушу;
2) Кыргыз Республикасынын технопарктарынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып үч жылдан кем эмес мөөнөткө технопаркты өнүктүрүү программасынын болушу жана анын экономикалык негиздүүлүгү;
3) технопарктын төмөнкү талаптарга шайкеш келген, чакан же орто ишкана болуп саналган, бирден кем эмес резидентинин болушу:
а) технопарктын аймагында резидент/резиденттер тарабынан уюштурулган 5тен кем эмес жумуш орундун болушу;
б) ишкана/ишканалар тарабынан товардык продукция, жумуш жана/же кызмат көрсөтүүлөр түрүндө ишке ашырылган илимий-техникалык иштеп чыгуулардын болушу;
4) технопарктын резиденттерине кызматтарды көрсөтүү үчүн шарттардын болушу;
5) технопарктын венчурдук инновациялык фондунун болушу;
6) технопаркты өнүктүрүү келечегин эске алуу менен зарыл болгон инфраструктуранын болушу.
3. Технопаркты өнүктүрүү программасына карата талаптар
6. Технопаркты өнүктүрүү программасына төмөнкүлөр кирет:
1) программанын сыпаттамасы (максаттары, актуалдуулугу, ишке ашыруунун учурдагы статусу);
2) технопарктын бизнес-модели (адистештирүү, уюштуруу-экономикалык модели, көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеги, технологиялык жана (же) социалдык инфраструктура объекттери, резиденттик саясат);
3) технопарктын аймагынын мүнөздөмөсү (жайгаштыруу ордун тандоонун негиздемеси, региондун инвестициялык жагымдуулугу, жер участогунун сыпаттамасы, аны даярдоо жана өздөштүрүү талаптары жана чыгымдары);
4) уюштуруу планы (программаны ишке ашыруунун катышуучулары, алардын функциялары, технопарктын дирекциясынын уюштуруу-штаттык түзүмү);
5) ниеттер жөнүндө декларация (резиденттер менен түзүлгөн жана/же алдын ала келишимдер жөнүндө маалыматтар, ижарага ылайыктуу аянтка талапты болжолдоо, технопаркты өнүктүрүү келечеги);
6) каржылоо планы (каржылоого жалпы муктаждык, каржылоо булактарынын түзүмү, акча агымынын болжолу);
7) тобокелдиктерди баалоо (тобокелдиктердин тизмеги, алардын келип чыгуу ыктымалдуулугу, программаны ишке ашырууга таасирдин даражасы, аларды минималдаштыруу боюнча чаралар);
8) мастер-план (технопарктын аймагын же болбосо курулушун камсыз кылуу схемасы, алардын жалпы аянтын көрсөтүү менен имараттардын жана курулуштардын жайгашуу схемасы).
4. Технопарктын аймагына карата талаптар
7. Технопарктын аймагы төмөнкү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1) укук белгилөөчү документтер менен ырасталган белгиленген чектеринин болушу;
2) инновациялык, өнөр жайлык, технологиялык же билим берүү инфраструктура объекттерин курууга жана эксплуатациялоого уруксат берилген жерлердин категорияларына жайгаштыруу;
3) чакан жана орто ишкердик субъекттерине кирген резиденттерди жайгаштыруу үчүн имараттардын жана курулуштардын 50 пайыздан кем эмес пайдалуу аянтын пайдалануу;
4) резиденттердин жана кызматкерлердин транспорт менен баруусун камсыз кылуу;
5) геологиялык жана геодезиялык шарттардын курулуштун талаптарына шайкештиги;
6) жер участокторуна укук белгилөөчү документтердин болушу;
7) транспорт каражаттарынын кыймылын камсыз кылган объекттердин болушу же болбосо пландоо;
8) суу менен жабдуунун, саркынды сууларды чыгаруунун, жылуулук менен камсыздоонун, газ менен камсыздоонун, электр менен камсыздоонун инженердик тармактарынын жана объекттеринин болушу же болбосо пландоо.
5. Коммуналдык инфраструктурага карата талаптар
8. Технопарктын коммуналдык инфраструктурасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) электр тармактарына кошулууну;
2) керектөөчүлөрдү газ менен камсыздоо жана (же) жылуулук менен камсыздоо тармактарына кошууну;
3) керектөөчүлөрдү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасына кошууну.
6. Технопарктын ишин маалыматтык камсыз кылуу
9. Маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында технопарктын дирекциясы технопарктын расмий сайтында же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында өзүнчө бөлүмдө төмөнкүлөр жөнүндө маалыматты жайгаштырууну жана актуалдаштырууну камсыз кылат:
1) технопарктын жайгашкан орду;
2) технопарктын коммуналдык, транспорттук жана технологиялык инфраструктурасы;
3) технопарктын резиденттеринин иши;
4) резиденттерди жайгаштыруу үчүн технопарктын аймагынын жана/же жайларынын бош аянттары;
5) технопарктын аймагына жайгаштыруу шарттары;
6) технопарктын дирекциясынын байланыш маалыматтары;
7) технопарктын дирекциясы тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар.