Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин II-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 31
Садовое айылынын Степная көчөсү 42/3 дарегиндеги жалпы аянты 800,0 кв.метр
жер участогун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине
алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык, Москва райондук шаар курулуш жана архитектура департаментинин башкармалыгынын 2024-жылдын 09-декабрындагы №128 корутундусунун негизинде, Кеңештин жеке турак жай куруу, муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлк объектилерин, жер участокторун сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 10-январындагы корутундусуна ылайык, Садовое айылынын Степная көчөсү №42/3 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 800,0 кв.метр жер участогу жөнүндө материалдарды карап жана талкуулап чыгып Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Садовое айылынын Степная көчөсү №42/3 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 800,0 кв.метр жер участогун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Токтомуна ылайык Мин-Булак айыл өкмөтүнө ушул участокту берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |