Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 792 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарынын резиденттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарынын резиденттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби (мындан ары - Реестр) "Технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана технологиялык парктарга (мындан ары - технопарк) жана технопарктардын резиденттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүчү билим берүү, илим жана илимий-техникалык иш, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын мамлекеттик контролдоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укуктарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан Реестрди түзүү жана жүргүзүү үчүн колдонулат.
2. Реестр "Технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик колдоонун айрым чаралары берилген технопарктардын резиденттеринин тизмегин билдирет.
3. Реестр технопарктын резидентине мамлекеттик колдоо чараларын берүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып он күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында жарыяланууга тийиш.
4. Реестрде камтылган маалыматтар ачык болуп саналат жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын суроо-талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.
2. Реестрди түзүү жана жүргүзүү
5. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөр аркылуу Реестрди түзөт жана жүргүзөт:
- Реестрге технологиялык парктардын резиденттерин киргизүү;
- Реестрден технологиялык парктардын резиденттерин чыгаруу;
- Реестрде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
6. Реестрге төмөнкүдөй маалыматтар киргизилүүгө тийиш:
1) технопарктын аталышы;
2) дирекция жана резидент катталган технопарктын базалык уюмдары жөнүндө маалыматтар;
3) юридикалык жактар үчүн технопарктын резидентинин толук, кыскартылган (фирмалык) аталышы;
4) жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, ошондой эле кыскартылган (фирмалык) аталышы (болсо);
5) технопарктын резидентинин турган жери жана юридикалык дареги;
6) технопарктын резиденти катары каттоо жөнүндө маалыматтар, реквизиттери жана технопарктын дирекциясы менен резиденттин ортосундагы кызматташуу жана өз ара милдеттенмелер жөнүндө келишимдин предмети;
7) технологиялык парктын резидентинин өнөр жайлык, илимий-техникалык жана (же) инновациялык ишинин түрлөрү;
8) технопарктын резидентинин байланыш маалыматтары;
9) технопарктын резидентине көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоо чаралары;
10) ыйгарым укуктуу органдын Реестрге киргизүү, андан чыгаруу же болбосо өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө буйругунун реквизиттери.
7. Реестрге төмөнкүдөй учурларда өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет:
1) технопарктын резидентинин аталышы жана (же) юридикалык дареги өзгөрсө;
2) технопарктын резидентине мамлекеттик колдоо чараларын берүү мөөнөтү аяктаса.
8. Технопарктын резиденти төмөнкүдөй учурларда Реестрден чыгарылууга тийиш:
1) юридикалык жак жоюлса же болбосо жеке ишкердин иши токтосо;
2) технопарктын резиденти катары каттоо мөөнөтү аяктаса;
3) мамлекеттик колдоо чараларын берүү токтотулса.