Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин II-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 32
Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Москва райондук шаар курулуш жана архитектура департаментинин башкармалыгынын 2024-жылдын 25-октябрындагы №180-2024 корутундусунун негизинде, Кеңештин жеке турак жай куруу, муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлк объектилерин, жер участокторун сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 18-декабрындагы корутундусуна ылайык, Садовое айылынын Крупская көчөсү №1а дарегинде жайгашкан жалпы аянты 948,0 кв.метр жер участогу жөнүндө материалдарды карап жана талкуулап чыгып Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер участоко жеке менчик укугу менен берилген Ч №1300030 сериясындагы Мамлекеттик актынын, белек келишиминин негизинде Севостьянова Светлана Михайловнага таандык болгон Садовое айылынын Крупская көчөсү №1а дарегинде жайгашкан жалпы аянты 948,0 кв.метр жер участогунун короо жай максаттык багытын унааларды сатууга алдын ала даярдоо пункту максаттык багытына өзгөртүү үчүн Миң-Булак айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү боюнча керектүү документтерин дайындасын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |