Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин II-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 34
Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Москва райондук шаар курулуш жана архитектура департаментинин башкармалыгынын 2024-жылдын 25-июнундагы №95-2024 корутундусунун негизинде, Кеңештин жеке турак жай куруу, муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлк объектилерин, жер участокторун сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 18-декабрындагы корутундусуна ылайык, Миң-Булак айыл аймагынын Александровка айылынын Почтовая көчөсү №10а дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1592,5 кв.метр жер участогу жөнүндө материалдарды карап жана талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер участоко жеке менчик укугу менен берилген Ч №1270593 сериясындагы Мамлекеттик актынын негизинде Давузов Абдурасул Юсуповичке таандык болгон Александровка айылынын Почтовая көчөсү №10а дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1592,5 кв.метр жер участогунун короо жай максаттык багытын жашылчаларды сактоо үчүн кампалар максаттык багытына өзгөртүүгө Миң-Булак айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү боюнча керектүү документтерин дайындасын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |