Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин II-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 36
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча
2025-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамына, Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025- жылдын 11-январындагы корутундусуна ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис Эликбек кызы Токтобүбүнүн “Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча 2025-жылга иш планын бекитүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча 2025-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү социалдык маселелер боюнча иш чараларды өз убагында аткарсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясына, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |