Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
С.Юсупова айылдык кенешинин VIII чакырылышынын 2-сессиясы
Т О К Т О М
2024-жылдын 24-декабры №2-2
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылда айыл өкмөтүнүн аймагындагы МФ жерлеринин ижара акыларын жана юридикалык, физикалык жактардан алынуучу салыктардын, төлөмдөрдүн жыйналышы жөнүндө.
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылда айыл өкмөтүнүн аймагындагы МФ жерлеринин ижара акыларын жана юридикалык, физикалык тараптардан алынуучу салыктардын, төлөмдөрдүн жыйналышы жөнүндөгү С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р.Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылда айыл өкмөтүнүн аймагындагы МФ жерлеринин ижара акыларын жана юридикалык, физикалык тараптардан алынуучу салыктардын, төлөмдөрдүн жыйноонун абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р.Базарбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы келишим негизинде берилген МФ жана айыл чарба жерлеринин түшүүчү ижара акыларын толук тактап, такталган ижарачылардын тизмеси жана айыл өкмөтүнө төлөнүүчү ижара акылары боюнча маалыматы толугу менен тактап, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
3 Айыл өкмөтүнүн аймагындагы юридикалык жана физикалык тараптардан мыйзамда белгиленген салыктардын жана ижара акыларын өз убагында жыйноону камсыз кылууда МФ жерлерине ижарачылар менен түзүлгөн келишимдин негизинде
ижара акыларын өндүрүүдө эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бардык чараларды көрүп, айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн туруктуу болушун камсыз кылып, чыгаша бөлүгүндөгү сарпталуучу каражаттарды даректүүлүгүн жөнгө салуу айыл өкмүтүнүн айыл башчыларына жана жетектөөчү адис И.Толубаевге жүктөлсүн.
4. Айылдык өкмөтүнүн аймагындагы салыктарды өндүрүүдө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен салык инспекторлоруна көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерин зарыл болгон учурда пайдалануу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага М.И.Мамитов