Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-декабры № 790
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Окуу жылынын узактыгынын оптималдуу мөөнөттөрүн аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү уюму жөнүндө жободо:
- 68-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"68. Окуу жылынын башталышы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Окутуунун узактыгы, анын аякташы, жумалык окуу жүктөмү, экзамендик сессиялардын жана каникулдардын узактыгы, практикалык окутуунун түрлөрү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык окуу пландарында белгиленет. Аудиториялык сабактардын (академиялык сааттын) узактыгы 40-50 мүнөттүн чегинде КЖБ уставында белгиленет.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюму жөнүндө жободо:
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. КОБ уюмдарында окуу жылынын башталышы кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана конкреттүү адистиктин окуу планына жана окутуу формасына ылайык аяктайт. Окуу жылы ичинде билим алуучулар үчүн жалпы узактыгы 10 жумадан кем эмес, анын ичинде кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмес болгон эки жолудан кем эмес каникул белгиленет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |