Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 802
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 “Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону жана Турак жай (тиричиликтик) комиссиялары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 59-беренесин, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин, “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 72-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 “Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону жана Турак жай (тиричиликтик) комиссиялары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жободо:
– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Аскер кызматчыларына/кызматкерлерге берилген кызматтык турак жайларды (жабык аскер шаарчаларында жана жатакана/мейманкана тибиндеги үйлөрдө жайгашкан турак жайларды, туруктуу турак жайларды кошпогондо) менчиктештирүүгө жол берилет.
Мурда республиканын аймагында ведомстволук/муниципалдык турак жай фондунан башка турак жай же болбосо ээлеп турган кызматтык турак жай жайгашкан калктуу конуштун аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер участогу менчикке берилген адамдарга (анын ичинде жубайына) ээлеген кызматтык турак жайларын менчиктештирүүгө жол берилбейт.
Жеке турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу белгиленген тартипте мамлекеттик же муниципалдык менчикке акысыз кайтарылып берилген учурлар аталган шарттарга кирбейт.”;
– төмөнкдөй мазмундагы 10¹-пункт менен толукталсын:
“10¹. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматтык турак жай менен камсыз кылынган аскер кызматчылары/кызматкерлер турак жай шарттарын жакшыртуу фактылары тууралуу мамлекеттик турак жай менен камсыз кылуучу мамлекеттик органды жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Кабарлоо тиешелүү жагдайлар башталган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен тастыктоочу документтерди тиркөө менен жиберилет. Кабарлоону алган мамлекеттик орган 30 календардык күндүн ичинде ушул Жобонун 17-пунктунун 6-пунктчасына ылайык турак жай шарттарын жакшыртуу фактысын кароого милдеттүү.”;
– 17-пунктта:
4-пунктча “кызматтык турак жай” деген сөздөргө чейин “ушул Жобонун 20-пунктунда каралган учурлардан тышкары” деген сөздөр менен толукталсын;
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон;”;
төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
“6) мурда берилген кызматтык турак жай жайгашкан калктуу конушта аянты боюнча бирдей жана андан чоң турак жайды сатып алуу, анын ичинде жубайы тарабынан жеке менчикке алуу (мыйзам боюнча мурастоо учурларынан тышкары) аркылуу турак жай шарттары жакшыртылган.”;
– 19-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 20-пункттун 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 23–25-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
– 26-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“26. Кызматтык турак жайларды аскер кызматчыларына/ кызматкерлерге (мыйзамдарда каралган учурларда аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө) жеке менчигине тариздөө үчүн батир-эксплуатациялык (чарбалык) органга төмөнкү документтер берилет:”;
4-пунктча “анын жубайынын” деген сөздөрдөн кийин “(мыйзамдарда каралган учурларда аскер кызматчысынын/ кызматкердин үй-бүлө мүчөсүнө)” деген сөздөр менен толукталсын;
6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6) Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 59-беренесинде, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинде, “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 72-беренесинде каралган негиздерди тастыктаган башка документтер.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 26¹-пункт менен толукталсын:
“26¹. “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин он үчүнчү жана жыйырма төртүнчү бөлүктөрүндө, “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 72-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган учурларда жеке менчикке өткөрүп берилүүчү мамлекеттик менчикте турган кызматтык турак жайлар, турак жай менчигинде турган мамлекеттик органдын тиешелүү өтүнүчүнүн негизинде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматтык турак жайлардын катарынан чыгарылат.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-декабрындагы № 101 (3758) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |